Бүгүн, 22-июлда "Манас" эл аралык аэропортуна "Turkish Airlines" авиакомпаниясынын Стамбул-Бишкек-Стамбул багыты боюнча чартердик каттамы менен 341 Кыргыз жараны учуп келди. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
Түркия Республикасы тарабынан эл аралык авиакаттамдарды жандандырууга жана чет элдик жарандарга кирүүгө чектөөнү жоюуга байланыштуу аталган каттам менен Кыргыз өлкөсүнө АКШ, Канада, Бразилия, Корея Республикасы, Чехия, Греция, Албания, Болгария, Венгрия, Словакия, Франция, Украина, Румыния, Швейцария, Италия, Испания, Германия, Польша жана Эфиопиядан транзиттик ташуу аркылуу биздин жарандарды кайтарып келүү мүмкүн болду.