"Ухан вирусу": Дүйнөдө 1 миллион 91 миңден ашуун жаран илдеттен каза болду

Бүгүн, 15-октябрга карата дүйнөдө коронавирус инфекциясын жуктуруп алгандардын саны 38 миллион 423 миң 591 болду. Анын ичинен 26 миллион 594 миң 628 бейтап айыгып чыкты. Тилекке каршы, 1 миллион 91 миң 123 адам каза болду.

Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Бул өлкөдө жалпы 7 миллион 909 миң 35 адамдан коронавирус аныкталды. 216 миң 639 адам каза болсо, 3 миллион 155 миң 794 бейтап айыгып чыкты.

Экинчи орунда Индия өлкөсү турат. Бул өлкөдө коронавирус инфекциясы 7 миллион 239 миң 389 адамдан аныкталды. 110 миң 586 адам каза болсо, 6 миллион 301 миң 927 бейтап айыкты.

Ал эми Бразилия өлкөсү үчүнчү орунда. Аталган өлкөдө 5 миллион 140 миң 863 адам вируска кабылган. 151 миң 747 бейтап көз жумса, 4 миллион 526 миң 393 бейтап оорудан сакайды.

Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан