Коңшу Казакстан 17-августтан баштап аба каттамдарын жандантат. Бул жөнүндө аталган өлкөнүн жергиликтүү басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Казакстан 17-августтан тарта 7 өлкө менен аба каттамдарынын ишин калыбына келтирет. Алар Бириккен Араб Эмираттары, Беларусь, Германия, Нидерланды, Египет, Украина жана Орусия. Ал эми каттамдардын санын эки өлкө кырдаалга жараша аныктайт.
Казакстан коронавирус пандемиясынын кесепетинен май айынын башында эл аралык аба каттамдарын токтоткон.