"Ухан вирусу": Дүйнөдө илдеттен айыккандардын саны 20 миллионго чукулдады

Бүгүн, 16-сентябрга карата дүйнөдө коронавирус инфекциясын жуктуруп алгандардын саны 29 миллион 425 миң 572ге жетти. Анын ичинен 19 миллион 970 миң 967 бейтап айыгып чыкты. Тилекке каршы, 931 миң 454 адам каза болду.

Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Бул өлкөдө жалпы 6 миллион 603 миң 509 адамдан коронавирус аныкталды. 195 миң 727 адам каза болсо, 2 миллион 495 миң 127 бейтап айыгып чыкты.

Экинчи орунда Индия өлкөсү турат. Бул жакта коронавирус инфекциясы 4 миллион 930 миң 236 адамдан аныкталды. 80 миң 776 адам каза болсо, 3 миллион 859 миң 399 бейтап айыкты.

Ал эми Бразилия өлкөсү үчүнчү орунда. Бразилияда 4 миллион 345 миң 610 адам вируска кабылган. 132 миң 6 бейтап көз жумса, 3 миллион 798 миң 285 бейтап оорудан сакайды.

Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан