29-мартта 5 күн мурдагыдай дагы 26 адам коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Ооругандардын жалпы саны 84кө жетти.
Алар Бишкек шаарынан (4), Нарын шаарынан (1), Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Көк-Жар айылынан (2), Жалал-Абад облусунан (13), Ош облусунан (6) болушат. Акыркы эки облус боюнча так кайсы району же шаарынан экендиги тууралуу кенен маалыматты республикалык штаб бере элек. Ошондой эле жогорудагы 26 адамдын канчоо чет жактан келгени же чет жактан келген адамдан жуктуруп алгандыгы жөнүндө маалымат да белгисиз.
Коронавирус менен жабыркаганы аныкталган Чүй облусунун тургундары Дубайдан келишкен. Ата жана баладан 16 күндөн кийин кайра алынган анализде коронавирус илдети чыккан.
Коронавирус жуктурганы аныкталган Нарын шаарынын тургуну Пакистанга даваатка барып келген. Үйдө болуу керектиги тууралуу айтылганы менен 4 күн Бишкекте тургандан кийин такси менен Нарынга кетип калган.
Москвадан учуп келе албай жатышкан Кыргыз жарандарынын жарымынан көбү мекенине кайтып келишти.
Коронавирус жуктуруп алгандардын ичинен үчөөнүн абалы оор. Экөө Өзгөндө, бири Сузакта.
Президент менен премьер-министр жолугушту. Анда өкмөттүн кризиске каршы планы талкууланды.
Күн ичиндеги кабарлардын ток этери Кыргыз өлкөсүндө коронавирус аныкталгандан тарта жарыяланууда. 18-март, 19-март, 20-март, 21-мартты, 22-мартты, 23-мартты, 24-мартты, 25-мартты, 26-мартты, 27-мартты, 28-мартты окугуңуз келсе, ошол күндү басуу аркылуу тиешелүү шилтемеге өтө аласыз.