Депутат Масалиев: "Коронавирустун алдын алуу боюнча өкмөттүн маалыматын угуунун кажети жок. Биз чечим кабыл алышыбыз керек"

Депутат Исхак Масалиев өкмөттүн маалыматын угуунун кажети жок экенин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 19-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Өкмөт бизге келгенде конкреттүү сунуш менен келиши керек. Бюджеттин кайсы беренесин өткөрүү зарыл? Канча каражат бөлүнүшү шарт? Маалымат угуунун кажети жок. Бүгүн чечим кабыл алып беришибиз керек. Маалыматты жыйындан журналисттер аркылуу угуп жатабыз. Азыр маалымат укканга убакыт жок. Бир гана депутаттарга антисептикалык каражат бербей, ар бир жаранга беришибиз керек", - дейт Масалиев.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан