16-майга карата өлкөдөгү стационарларда 320 бейтап коронавируска каршы дарыланып жатат. Анын ичинен 4 бейтап оор абалда жандандыруу бөлүмүндө жатат. Дагы 2 миң 146 адам обсервацияда калууда.
Бул күнгө карата аймактардагы стационарлардагы статистика кандай болуп жатканына кызыгып көрдүк. Маалымат Саламаттыкты сактоо министрлигинин расмий сайтындагы күн сайын жаңыланып туруучу картасынан алынды.
Бишкек жана Чүйдө жалпысынан 461 жарандан коронавирус аныкталган. Анын ичинен 274 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылса, дагы жетөө (Бишкекте 6, Чүйдө 1) каза болду. Калган 180 жаран дарыланып жатат.
Ош облусу жана Ош шаары боюнча жалпы 302. Анын 146 бейтабы облустагы стационарларга жаткырылып, бүгүнкү күндө 127 бейтап айыкты. Дагы үчөө каза болду. Учурда 16 бейтап (Ноокат аймактык ооруканасында 5, Кара-Суудагы аймактык ооруканада 9, Өзгөндөгү аймактык ооруканада 2) стационарларда калууда.
Ош шаарында 156. Анын 145 бейтабы илдеттен арылса, дагы үчөө каза болду. Ош шаардык клиникалык ооруканасында 8 бейтап дарыланууда.
Жалал-Абад облусу боюнча жалпы 153. Бүгүнкү күндө анын 119у айыгып, 34 бейтап стационарларда калууда. (Жалал-Абад облустук ооруканасында 1, Ала-Бука райондук аймактык ооруканасында 2, Тогуз-Тородогу дарыгерлер борборунда 1, Чаткалдагы дарыгерлер борборунда 30).
Нарында жалпы 163. Анын ичинен 96 жаран сакайып, бир бейтап каза болду. 66 бейтап дарылануусун улантып жатат. (Нарын облустук ооруканасында 57, Жумгал райондук аймактык ооруканасында 1, Ат-Башы районундагы аймактык ооруканасында 7, Ак-Талаа аймактык ооруканасында 1).
Баткен облусунда жалпы 25. Анын 12 бейтабы айыгып, үйлөрүнө чыгарылса, 13 жаран стационарларда калууда (Кадамжай районундагы аймактык ооруканасында 2, Лейлек районундагы аймактык ооруканасында 6, Кызыл-Кыя аймактык ооруканасында 5).
Ысык-Көлдө жалпы 13. Анын 10 бейтабы айыгып, калган 3 жаран облустук ооруканасында дарыланып жатат. Белгилей кетсек, 27-апрелден 11-майга чейин аталган облуста ооругандар катталган эмес. Ага чейин катталган 10 бейтаптын бардыгы 6-майга карата айыгып, медициналык жайдан чыгарылган.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, стационарлар айрым аймактарда (район, айыл) түзүлгөн эмес. Бейтаптын абалы оорлошуп кетсе, шарты жакшы стационарга которулат. Мындан улам оорулуу жаран айыкканда кайсы аймактын ооруканасынан чыккан болсо, ошол аймактын статистикасына кошулуп, баланча аймактан мынча бейтап айыкты деп эсептелет.