"Ухан вирусу": Дүйнө жүзү боюнча вирусту 132 миңден ашуун адам жуктуруп алган

Кытайда 13-мартка карата коронавирус менен жалпысынан 80 миң 991 адам жабыркаса, 50 миң 318 жаран сакайып, 3 миң 180 адам каза болду.

Ал эми дүйнө жүзү боюнча статистикага токтолсок, коронавирустан жалпысынан 132 миң 758 адам жабыркап жатса, каза болгондор 4 миң 955ке жетти. Ал эми айыккандардын саны 68 миң 324 адамды түзөт.

Италияда жуктуруп алгандар - 15 миң 113, каза болгондор - 1016, сакайгандар - 1 258. Бул көрсөткүч менен Италия дагы деле вирустун экинчи очогу бойдон калууда.

Иранда жуктургандар - 10 миң 75, каза болгондор - 429. Вирустан 2 миң 959 жаран сакайган. Ал эми Түштүк Кореяда 7 миң 869 адам жабыркап, 66 жаран каза болгон, 333 жаран сакайган. Азыркы учурда дүйнөнүн 114кө чукул өлкөсүндө коронавирус катталды.

Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан