Учурда өлкө боюнча обсервацияда 386 адам жана аларга кошумча 12-мартта Сауд Арабиядан келген 142 жүргүнчү жатат. Бул тууралуу бүгүн, 19-мартта Өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев билдирди.
Жыйында министр кырдаалга жараша "Манас" аба майданында 24 саат бою "Тез жардам" кызматы даяр турганын кошумчалады.
"Учурда обсервацияда жаткан 386 адам чет мамлекеттен келгендер, калган 142 адам жогоруда айтып кеткендей эле коронавирус аныкталган каттам менен келгендер.
Азыркы тапта коронавирус жуктуруп алган 3 адам менен контакт болгон бардык адамдар аныкталып жатат. Ошондой эле алардын жүргөн маршруттары дагы иликтенип жатат. Бул боюнча "Манас" аба майданынын кызматкерлери жана укук коргоо органдары тарабынан масштабдуу иш жасалып жатат", - деди министр.