Мухаммедкалый Абылгазиев: "Коронавирустун кесепетинен ата мекендик экономика жоготууга учурайт"

Коронавирустун кесепетинен ата мекендик экономика жоготууга учурап жатат, бирок биз үчүн калктын ден соолугу маанилүү. Мындай пикирди өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев коронавирус инфекциясынын тийгизген таасиринин кесепеттерин азайтууга багытталган эки Республикалык штабдын ишин талкуулаган кеңешмеде билдиргенин басма сөз кызматынан маалымдашты.

"Коронавирус инфекциясынын экономикага тийгизген таасиринин кесепеттерин азайтууга багытталган чараларды жүзөгө ашыруу боюнча жана инфекциянын өлкө аймагына киришин алдын алуу жана жайылышына жол бербөө боюнча өлкөнүн көзөмөл-өткөрүү жайларында текшерүү күчөтүлгөн тартипте жүргүзүлүүдө. Эпидемиологиялык жагдайы жагымсыз болгон өлкөлөрдөн келген бардык жарандар 14 күндүк карантинге жаткырылууда. Бул бардык өлкөлөрдө кабыл алынган атайын чара", - деген Абылгазиев.

Мындан тышкары өкмөт башчы түзүлгөн кырдаалга байланыштуу бизнести өнүктүрүүгө көңүл буруу зарылдыгын баса белгилеген.

Ошондой эле Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз өкмөтүнүн аппаратынын, министрликтердин жана ведомстволордун кызматкерлеринин инфекцияны жуктуруу тобокелдиги бар чет өлкөлөргө болуучу бардык иш сапарларын токтотууну тапшырганы айтылат маалыматта.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Alimbek1000
2020-03-16 10:53:18
Биздин эле экономика эмес өнүккөн өлкөлөрдүн экономикасы алсырап жатат.
-1
Erik2018
2020-03-16 10:53:37
Сабырдуулук менен эч кандай паникасы жок эле сактанайлы бул азыр дүйнөлүк тенденцияда ошондой болуп жатат
-1
robot111
2020-03-16 10:55:02
Экономика эч нерсе эмес элдин саламаттыгы жогору турат.
0
Jaznura
2020-03-16 10:56:18
Ата мекендик өндүрүш менин оюмча көп жабыр тартпайт.Анткени башка мамлекеттер менен болгон байланыштар солгундаса жергиликтүү калк ата мекендик өндүрүштү көбүрөөк колдонот болуш керек.
0
iryi1
2020-03-16 11:12:23
Соороновирустан сактангыла.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан