
Москвада 27-мартта коронавирустан 4-адам каза болду. Каза болгон жаран 56 жашта болгон деп билдирет Москва шаардык ыкчам штабы.
"Бейтап ооруканага түшкөндө ага сол тараптуу пневмония диагнозу коюлган. Жабырлануучу жүрөк кан-тамыр оорусунан, дем алуусунун начарлоосунан жана курч оорунун өрчүшүнөн улам каза болгон. Маркум онкологиялык дарттан кийин өпкөсүнүн бир тарабынан айрылган", - деп айтылат маалыматта.
Учурда Орусияда коронавирус менен 1 миң 36 жаран жабыркап, 45 киши айыкты. Каза болгондордун саны 4 болуп калды.