Кечээ, 18-мартта эртең менен Саламаттыкты сактоо министрлиги өлкөдө 3 жарандан коронавирус катталганын маалымдаган болчу. Анда Сауд Арабиядан умра сапарынан келгендерн аталган илдетти жуктуруп алышканы айтылган. Көп өтпөй умрадан келгендердин бири элге ажы той бергени жазылган. Кеп ал адамдын көпчүлүк менен болгон байланышы жөнүндө болду. Бирок бул арада ажы той берүүнүн зарылчылыгы барбы же жокпу, умра менен ажылык сапардын айырмачылыгы кандай деген суроонун тегерегинде талкуулар болуп жатты.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталы Кыргыз өлкөсүнүн мусулмандарынын дин башкармалыгына барып, ажылык-умра бөлүмүнүн башчысы Жолдошбек Абдылдаевден жооп алды. Абдылдаев адегенде ажылык сапар менен умранын айырмачылыгына токтолду.
"Исламда беш парз болсо, анын бири - ажылык. Кудурети жеткен адам бул амалды аткарууга милдеттүү болуп эсептелинет. Ал эми умра амалы ажылыктын убактысынан башка мөөнөттө деле аткарыла бере турган амал, умраны жылдын каалаган айында барып аткара берсе болот", - деди ал.
Андан кийин Абдылдаев сыйынуу процедураларындагы айырмачылыктарга да токтолду. Ал эми ажы тойлорду өткөрүү шариятта кандай каралат деген суроого төмөндөгүдөй жооп узатты.
"Мен жогоруда айткандай эле ажылык - парз амал, умра сүннөт амал, анан ал жакка баргандан кийин толтура белек-бечкектерди алып келүүнү адат кылып алгандар бар. Бул көрүнүш туура эмес. Анан келип алып той өткөрүп, белектерди таратып, аны алгандар мага тигиндей белек берди, мага жакшы эмес белек болуп калды деген көрүнүштү жаратканы шариятка туура келбейт. Бул ысырапчылык болуп эсептелинет. Ар бир адам бул сапардан келгенден кийин кадимки бир парзды аткарып келгендей эле жөнөкөй жүрүүсү керек.
Болгону зам-зам суу менен курманы алса болот, мунун чыгымы көп эмес. Жакын адамдары ал менен учурашууга келсе суу менен курманы берүү жетиштүү. "Мен сапардан келдим" деп жарыя салып, эл чакыруу туура эмес", - деди Абдылдаев.
Сөзүнүн соңунда коронавируска кабылган 3 сузактык тургун жана алар менен чогуу умрадан келгендер өз алдынча, менчик туристтик фирмалар менен келишим түзүп кетишкенин кошумчалады. Муфтият бул жылы биринчи жолу умра сапарын уюштурганын, алар жөнөткөн жарандардын арасында сөз болуп жаткан авиа каттамда келгендер жок.
Толугураак жоопторду видеодон уксаңыз болот.