"Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун аймагында өзгөчө абал киргизүү жөнүндө" жарлыкка кол коюлду

Бүгүн, 24-мартта президент Сооронбай Жээнбеков "Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун аймагында өзгөчө абал киргизүү жөнүндө" жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Жарлыкта төмөндөгүлөр белгиленет:

11-мартта Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму COVID-19 жаңы коронавирустук инфекциясынын жайылышын пандемия катары жарыялады.

18-23-мартта Кыргыз өлкөсүнүн аймагында жарандардын коронавирустук инфекцияны жуктуруп алган 16 фактысы, анын ичинде Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 8 факыт тастыкталды.

Конституциянын 64-беренесинин 9-бөлүгүнүн 2-пунктуна, "Өзгөчө абал жөнүндө" конституциялык мыйзамынын 3, 4 жана 7-беренелерине ылайык жарандардын өмүрүн жана саламаттыгын сактоонун, алардын коопсуздугун жана коомдук тартипти камсыз кылуунун өзгөчө кызыкчылыгын көздөп, ошондой эле Кыргыз өлкөсүнүн башка аймактарына коронавирустук инфекциянын жайылышын болтурбоо максатында токтом:

  1. Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун аймагында 25-марттан саат 08:00дөн баштап 15-апрелге саат 08:00гө чейин өзгөчө абал киргизилсин.
  2. Өзгөчө абал киргизилген мезгилде Ички иштер министрлигинин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын начальниги Жеңишбек Жоробеков Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун коменданты болуп дайындалсын.
  3. Өзгөчө абал режимин камсыз кылуу үчүн Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун аймагында комендатура түзүлсүн.
  4. Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун комендатурасы жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
  5. Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун аймагында төмөнкүдөй өзгөчө чаралар, жарандардын укуктарын жана эркиндигин убактылуу чектөөлөр жана алардын кошумча милдеттери аныкталсын:

1) коменданттык саат киргизилсин;

2) жарандардын келип, кетүүсүнүн өзгөчө режими киргизилсин;

3) айрым жарандарга белгиленген мөөнөткө өз үйүн (батирин), же болбосо обсервацияда же дарыланууда болгон жерди таштап кетүүгө тыюу салынсын;

4) коомдук тартипти сактоого, стратегиялык объекттерди жана калктын жашоо-турмушун камсыз кылуучу объекттерди коргоого ички иштер жана коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын бөлүктөрү тартылсын;

5) оюн-зоок, спорттук жана башка массалык иш-чараларды, ошондой эле иш таштоолорду, чогулуштарды, митингдерди, көчө жүрүштөрүн, демонстрацияларды жана пикеттерди өткөрүүгө тыюу салынсын;

6) аймактын жашоочусу болбой туруп коомдук тартипти бузгандар, анын ичинде чет элдик жарандар да алар туруктуу жашаган жерге же өзгөчө абал жарыяланган жерден тышкары жерге өздөрүнүн каражаттарынын эсебинен чыгарып жиберилсин;

7) ишканалардын жана уюмдардын продукция өндүрүү жана жеткирүү боюнча ишин камсыз кылуу максатында алардын иш планына өзгөртүүлөр киргизилсин, ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын иштөөсүнүн өзгөчө режими белгиленсин, ошондой эле алардын чарбалык ишинин башка маселелери чечилсин;

8) жүйөлүү себептер боюнча бошотулган учурларды кошпогондо, жумушчулардын жана кызматчылардын өз каалоосу боюнча иштен бошонуусуна тыюу салынсын;

9) карантин киргизилсин жана милдеттүү болгон башка санитардык-эпидемиологиялык иш-чаралар өткөрүлсүн;

10) коронавирустук инфекциянын жайылышын болтурбоо үчүн мамлекеттик ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын ресурстары колдонулсун;

11) коронавирустук инфекциянын жайылышын болтурбоо үчүн эмгекке жарамдуу жарандар эмгекти жана саламаттыкты коргоонун талаптарын милдеттүү түрдө сактоо менен тартылсын;

12) эгерде өзгөчө абал жарыяланган аймакта түзүлгөн кырдаалды курчутуу үчүн колдонулушу мүмкүн болсо, анда жалпыга маалымдоо каражаттарын контролдоо киргизилсин;

13) байланышты пайдалануунун өзгөчө эрежелери киргизилсин;

14) дипломатиялык кызматтардын транспортун кошпогондо, транспорт каражаттарынын, анын ичинде чет элдик транспорт каражаттарынын кыймылы чектелсин жана аларды карап чыгуу жүргүзүлсүн;

15) жарандар массалык топтолгон жерлерде документтер текшерилсин;

16) жеке иш-чараларды (үйлөнүү тойлорун, туулган күндөрдү белгилөөнү жана башка иш-чараларды) өткөрүү жөнгө салынсын;

17) өзгөчө абал жарыяланган аймакта жашаган жарандар үчүн төмөнкүдөй кошумча милдеттер киргизилсин:

— өздүк коопсуздукту камсыз кылуу боюнча алдын ала чараларды көрүү;

— күнүмдүк иште коопсуздук чараларын сактоо, коронавирустук инфекциянын жайылышына алып келиши мүмкүн болгон бузууларга жол бербөө;

— жеке коргонуу каражаттарын колдонуу эрежелерин үйрөнүү;

— коронавирустук инфекциянын жайылышын алдын алууда мамлекеттик бийлик органдарына жана уюмдарга көмөк көрсөтүү;

— коронавирустук инфекциянын жайылышынын коркунучу жөнүндө тиешелүү мамлекеттик органдарга маалымат берүү.

  1. Комендант Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун аймагында коронавирустук инфекциянын жайылышын болтурбоо, жарандардын өмүрүн жана саламаттыгын сактоо, коопсуздугун камсыз кылуу боюнча толук чараларды көрсүн.
  2. Саламаттыкты сактоо министрлиги, Ички иштер министрлиги, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети, ошондой эле Куралдуу Күчтөрдүн Генералдык штабы жана ишке тартылган башка мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жарандардын өмүрүн жана саламаттыгын сактоодо, коопсуздугун камсыз кылууда, ошондой эле Кыргыз өлкөсүнүн башка аймактарына коронавирустук инфекциянын жайылышын болтурбоодо комендантка бардык бар болгон каражаттары жана күчтөрү менен ар тараптан көмөк көрсөтсүн.
  3. Жогорку Сотко өзгөчө абал мезгилинде Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун аймагында жарандык, жазык, административдик иштердин, жоруктар жөнүндө иштердин, ошондой эле сотко чейинки өндүрүштүн материалдарынын аймактык сотко караштуулугун өзгөртүү укугу берилсин.
  4. Башкы прокуратурага:

1) ушул жарлыкта белгиленген чараларды жана убактылуу чектөөлөрдү ишке ашырганда мыйзамдардын сакталышына көзөмөлдү камсыз кылсын;

2) өзгөчө абал мезгилинде Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун аймагында мыйзамда белгиленген тергөөгө караштуулукту өзгөртүү укугу берилсин.

  1. Түзүлгөн кырдаалды курчутууну болтурбоо максатында жалпыга маалымдоо каражаттары өзгөчө абал киргизилген мезгилде комендант берген маалыматтарды таратсын.
  2. Бул жарлык Жогорку Кеңешке жиберилсин.
  3. Бул жарлык кол коюлган учурдан баштап күчүнө кирет.
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан