2-июнда коронавирустан улам каза болгон айдоочу Орусиядан келген

2-июнда коронавирустан улам каза болгондордун бири Орусиядан келген. Ал жүк ташуучу унаанын айдоочусу болгон. Бул тууралуу бүгүн, 3-июнда өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев онлайн маалымат жыйыны учурунда билдирди.

Жыйында Узарбек Жылкыбаевге: "Каза болгон айдоочу "Эркечтам" тараптан келиптир. Өткөрмө бекеттеринде кооптуулук чаралары кандай аткарылууда?", - деген суроо берилди.

"Маркум айдоочу "Эркечтам" эмес Таластагы "Чоң-Капка" өткөрмө бекети аркылуу келген. Бизге келгенден кийин ооруканага жаткырылган. "Эркечтам" боюнча айта кетсем, ал жерде санитардык талаптарды аткаруу боюнча иштер күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат. Алсак, чоң жүк ташуучу унаа кирет, бирок эч ким менен байланышта болбойт. Унаанын терезелери дагы жабык болот. Айдоочу чиркегичти таштап чыккандан кийин дароо обсервацияга алынат. Ал эми айдоочунун унаасы толугу менен дезинфекциядан өткөндөн кийин гана башка адам айдап кетип жатат", - деп жооп берди Жылкыбаев.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан