Кыргыз өлкөсүнө Орусиядан 963 жаран кайтып келди

Кыргыз өлкөсүнө Орусиядан 963 Кыргыз жараны кайтып келишти. Бул тууралуу республикалык штабдан кабарлашты.

Бүгүн, 6-июлда 20 автобус менен биринчи партияда 963 Кыргыз жараны мекенине кайтып келишти. Ал эми 12 автобус менен 533 адамдан турган колоннанын экинчи партиясы Кыргыз-Казак чек арасына Казакстандын жол полиция кызматынын коштоосу менен келе жатат.

Кыргыз өлкөсү менен Казакстандын тышкы саясий ведомстволору ортосунда Орусиянын Оренбург облусунун Соль-Илецк шаарындагы Кыргыз жарандарын ташып чыгуу үчүн Казакстандын аймагы боюнча транзиттик коридорду берүү жөнүндө жетишилген сүйлөшүүлөр ишке ашты.

Аталган иш-чара Кыргыз Республикасынын президентинин жана өкмөтүнүн чет мамлекеттердеги Кыргыз жарандарын кайтарып келүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштеринин чегинде жүрүүдө.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Орусиянын аймагындагы Кыргыз жарандарына Орусия-Казакстан мамлекеттик чек араларынын ачылышына чейин ал тарапка каттабай турууларын өтүнөт.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Zhoro
2020-07-06 16:49:34
Ачылабы озу чек ара , транзиттик коридор ачып бергенге духунар жептейт БИЙЛИК!!!!!!!!!!!!!!!!!!!
-2
suban78
2020-07-06 21:23:48
Эми ушунчалыкпы дейм да. Башка мамлекет оз жеринде каалаганын кылат да. Казактар куу эл эле, Президентибизди ар онорго салып, ар нерсе ондуруп жаткан болушу да мумкун. Сууну бекер бересин, жерлерини бересин деп шарт коюшу да толук мумкун.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан