Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев чет өлкөлөрдөн дары-дармектер менен атайын жабдууларды алуу боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатканын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 19-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"3 миллион 500 миң бет кап дарыканаларда бар болчу. 3 күндүн ичинде бет кап түгөнгөн. Кызыл кулактар бет каптарды алып, чет өлкөлөргө чыгарып кетүү аракетин жасап жатышат. Чек арадан 1 миллион 500 миң даана бет кап кармалып, медициналык мекемелерге кайтарылып берилди. Чет өлкөлөрдөн дары-дармектер менен атайын жабдууларды алуу боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатат", - дейт Абылгазиев.