Акыркы бир сутка ичинде өлкөдө дагы 12 медицина кызматкери коронавирус инфекциясын жуктуруп алганы аныкталды. Маалыматты республикалык штабдан кабарлашты.
Баткен облусунда – 3
Чүй облусунда – 2
Бишкек ш. – 3
Ысык-Көл облусунда – 2
Талас облусунда – 2
Ал эми бир суткада стационардан 5, үй карантининен 2 медкызматкер чыгарылган.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медицина кызматкерлеринин арасында – 3776 учур катталды, алардын ичинен 3521 медкызматкер сакайды.