Бүгүн, 19-мартта коронавирус боюнча өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Калыс Ахматов онлайн маалымат жыйын берди. Жыйын өкмөттүн интернеттеги расмий каналы аркылуу өттү. Анда министрдин орун басары журналисттер тарабынан алдын ала кат түрүндө берилген суроолорго жооп берди.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Казакстан, Өзбекстан, Орусиядан келген Кыргыз жарандары карантинге алынабы же текшерилгенден кийин үйүнө коё берилеби?" деген суроо узатты.
"Бүгүнкү күндө коронавирус көбүрөөк катталган мамлекеттердин бардыгы биринчи категорияга кирет. Демек, ал жактан келгендер карантинге алынат. Ал эми вирус жуктурган боюнча миңден аз адам катталган өлкөлөрдөн келген жарандар үй карантинине алынат", - деп жооп берди Ахматов.