Бүгүн, 20-мартта Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициянын жыйынында өкмөттүн отчёту каралууда. Жыйынга премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова, Эркин Асрандиев жана башка мамлекеттик кызматтын жетекчилери катышууда.
Депутат Калдарбек Баймуратов өкмөт өкүлдөрүн жыйында кармап отурбай, кетирүүнү сунуштады. Ал бүгүн дагы 3 жарандан коронавирус аныкталганын эскертти. Көпчүлүк коалициянын төрагасы Иса Өмүркулов 10дон ашык депутат өкмөттүн өкүлдөрүнө суроо берүү үчүн жазылганын айтты.