Казакстанда дагы 3 адамдан коронавирус аныкталды. Арасында 2 жашка чыга элек наристе бар

Бүгүн, 17-мартка карата Казакстанда дагы 3 жарандан коронавирус аныкталды. Жабырлануучулардын арасында 2 жашка чыга элек кыз да бар. Маалыматты өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Диас Ахметшарип билдирди деп жазышат казак басылмалары.

Коронавирус биринчи 2018-жылы туулган наристеден аныкталды. Ал 13-мартта Берлин-Минск-Алматы каттамы менен келген. Учурда ал Алматы шаарындагы инфекциялык ооруканада.

Экинчи жабырлануучу 1966-жылы туулган. Ал Алматыга 10-мартта Москвадан келген.

Үчүнчү жабырлануучу 1956-жылы туулган, ал дагы Москвадан келген.

Учурда Казакстанда коронавирус менен жабыркагандардын саны 13кө жетти, дагы бир Казак жараны Германияда дарыланууда.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан