Өзбекстан коронавирустун экономикага тийгизген терс таасирин азайтуу үчүн кризиске каршы фонд түздү. Тийиштүү жарлыкка президент Шавкат Мирзийоев кол койгонун 20-мартта жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Бул дүйнөлүк каатчылык учурунда өлкө экономикасын колдоого багытталган аракет. Фонддогу каражаттын суммасы 10 триллион сум (1 миллиард доллардан ашык) болорун президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.
Айта кетсек, кыргыз өкмөтү экономикалык кризиске каршы 7-мартта атайын программа кабыл алган. Бирок анда эмнелер камтылганы, өкмөт жакынкы айларда каатчылыкка каршы кандай чараларды жасай турганы боюнча ачык маалымат жок.