Ош облусунун Ноокат районунун аймагына 35 жерге блокпосттор орнотулду

Ош облусунун Ноокат районунун аймагына 35 жерге блокпосттор орнотулду.

Маалыматка ылайык, 20-март күнү Ноокат районунун аймагына өзгөчө кырдаал киргендигине байланыштуу Ош ОИИБинин райондун аймагындагы Жаӊы-Ноокат жана Зулпуев айыл аймактарына коюлган посттор менен бирге жалпы 35 жерге блокпосттор коюлду.

"Мындан ары бул жерлерде 24 саат боюу тынымсыз түшүндүрүү иштери улантылат. Бул иш-чаранын негизги максаты элибиздин ден соолугуна кам көрүп, коронавирустун мындан аркы таркашына бөгөт коюу болуп саналат. Ошондуктан урматтуу Ноокат районунун тургундары жана коноктору, коронавирусту жоюу аракеттерине сый-урмат менен карап, блокпосттордогу өз милдеттерин аткарып жаткан ички иштер органдарынын кызматкерлерине түшүнүү менен мамиле кылууӊуздарды суранабыз. Убактылуу ыӊгайсыздыктарды жаратканыбыз үчүн кечирим сурайбыз", - деп билдиришет басма сөз кызматынан.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан