Өлкө боюнча дагы 27 медкызматкердин коронавирус жуктуруп алганы белгилүү болду

Бир сутка ичинде өлкө боюнча медициналык 27 кызматкерден коронавирус инфекциясы табылды. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти. Оору аныкталган ак халатчандардын ичинен жетөө Бишкек шаарында.

• Чүй облусунда – 7;
• Ош шаарында – 6;
• Ош облусунда – 3;
• Баткен облусунда – 1;
• Ысык-Көл облусунда – 3.

Стационарлардан сутка ичинде 6 медкызматкер айыгып үйлөрүнө чыгышты. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу 739 медкызматкерге коюлду. Алардын ичинен 420 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан