Бүгүн, 5-апрелде ИИМдин орун басары, Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев коменданттык саат боюнча абалды айтты. Ал шаар тургундарын өз саламаттыгын ойлоп, сыртка чыкпоого чакырды.
"Урматтуу жарандар, абалды эртерээк калыбына келтирүү үчүн бардык эрежелерди сактагыла. Азыркы тапта дезинфекция иштери жүрүп жатат, азыр шаардын бир топ аймагына бул иш-чаралар өткөрүлүп жатат. Өзүңүздөрдүн саламаттыгыңызды ойлоп үйдө болгула", - деди Орозалиев.
Орозалиев жасалма пропусктарды берип жаткандар боюнча айтты. Айтымында, бүгүнкү күнгө карата жасалма пропуск берилген 26 факты катталган. Мунун баары Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды.
Маалымат жыйын башталып, Алмазбек Орозалиев коменданттык саатта көчөдө жүргөн 83 адам кармалганын айтты. Анын ичинен 75и эркек, 9у аял болгон. Алардын баары менен сүйлөшүү жүргүзүлүп, протокол түзүлгөн. Күндөн-күнгө тартипти бузуп кармалгандардын саны азайып жаткандыгын билдирди.