Дүйнөнү дүрбөлөңгө салып жаткан коронавирус Кыргыз өлкөсүн айланып өткөн жок. Бүгүн, 20-мартка карата бул илдет менен жабыркап жаткандардын саны 6га жетти. Өкмөттүн алдында түзүлгөн Кыргыз өлкөсүндө коронавирустун жайылышынын алдын алуу боюнча түзүлгөн штаб жана Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо министрлиги коронавирустун алдын алуу боюнча бир нече эрежелерди сактоо керектигин эскертүүдө. Анда гигиена башкы орунда турары айтылат.
Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, куудул Абдылда Иманкулов жана алып баруучу Назира Айтбекова бул эрежелердин айрымдарын айтып, көрсөтүп беришти. Аны видеодон көрсөңүз болот.