Караколдо күн жылып, адамдар сейилдөөгө чыга баштады. Милиция тургундарга кайрылат

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын тургундарын милиция кызматкерлери жарандык жоопкерчиликке чакырат.

Маалыматка ылайык, аба ырайынын жылышы менен Каракол шаарынын тургундары зарылчылык болбосо да көчөгө, сейилдөөгө чыга башташты.

"Айрым ата-энелер наристелерин эшикке чыгарып, карантиндик режимдин талаптарын аткарбай жатышат. Шаардын жолдорунда унаалар дагы кескин көбөйүп кетти. Ушундан улам Ысык-Көл ОИИБинин башчысы Улан Асанбаевдин көрсөтмөсү менен Каракол шаардык милициянын өздүк курамы күчөтүлгөн режимде иштей баштады", - деп айтылат маалыматта.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан