Алматы облусуна Бишкек аркылуу барган Казак жаранынан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу казак басылмалары Казакстандын Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлүнө таянып жазып чыгышты.
"Казакстандын 34 жаштагы жараны 17-мартта Стамбул - Бишкек аба каттамы аркылуу Бишкек шаарына келген. 18-мартта унаа менен Алматы облусуна кеткен. Азыркы учурда ал стационардык карантинде жатат. Анын диагнозу Казакстанга барганда белгилүү болгон", - деп жазылат маалыматта.
Казакстанда коронавирус жуктургандардын саны 53кө жетти.
Кыргыз мамлекетинде коронавирус жуктурган дагы 6 жаӊы учур катталды. Ооругандардын жалпы саны 12 адам.
18-мартта Сузакта коронавирус үч кишиден аныкталган. Кечээ, 20-мартта Ноокатта коронавирустун жаңы 3 учуру катталганы жарыяланган.