Бүгүн, 30-майда мектептерде акыркы коңгуроо болуп өттү. Быйылкы мектеп бүтүрүүчүлөрү үчүн ал онлайн форматта уюштурулганы менен өзгөчөлөндү. Мындай кырдаалга окуучулар дагы, аларды чоң жашоого узатып жаткан мугалимдер дагы алгачкы жолу туш болуп жатышат.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталы Бишкектеги №51 мектеп-гимназиясынын директорунун мамлекеттик тил боюнча орун басары Жылдыз Өмүрбекова менен байланышып, аралыктагы коңгуроо майрамы кандай өткөндүгүнө кызыгып көрдү.
- Саламатсызбы, Жылдыз Нааматбековна. Бүгүн бардык билим берүү мекемелеринде онлайн форматтагы акыркы коңгуроо болуп өттү. Аралыктан окуучуларды узатуу кандай болду?
- Саламатчылык! Биздин өлкөдө эле эмес, бардык мамлекеттерде эле ушундай кырдаал болду окшойт. Мурунку жылдардан айырмаланып, быйылкы акыркы коңгуроо аралыктан белгиленди. Жылдагыдай кучак толо гүл, ыр-күлкү, шаң менен коштолгон жок. Жай учурда бири-бирибизди кучактап ыйлап да жиберчү элек. Азыр анын баары жок, баары башкача. Ар ким ар кайсы жакта отурса, сезимдер деле көп байкалбайт экен. Бүтүрүүчүлөр жана ата-энелер колунан келишинче эже-агайларды, 11 жыл окуган мектебин куттуктаганга аракет кылышты.
- Бүтүрүүчүлөр үчүн кандай программа түзүлдү эле? Иш-чарага ата-энелер дагы катыштыбы?
- Видеолорду даярдашты, куттуктоолор үчүн ар кандай программаларды көчүрүп алганбыз. Аларга жооп кылып мектеп мугалимдери да ар кандай куттуктоолорду даярдадык. Кээ бир мугалимдерибиз үйдө отуруп куттуктап жатышып да сезимин кармана албай ыйлап жатышты.
- Онлайн байланышууда техникалык мүчүлүштүктөр, ыңгайсыздыктар жаралган жокпу?
- Мындай программалар менен бири-бирибиз менен байланышууда эч кандай тоскоолдук жаралган жок, себеби аралыктан окутууда көнө түшкөн окшойбуз. Акыркы коңгуроону онлайн өткөрүүдө деле Zoom, Телеграм жана башка мессенжерлер аркылуу байланыштык.
- Сиз дагы класс бүтүрүп жатыптырсыз, балдарыңызды аралыкта мектеп босогосунан узатуу өкүнүчтүү болсо керек...
- Быйыл 11-классты бүтүрүп жатам, бул классты 5-классынан баштап алып келдим, арасында ар кандай улуттун балдары окушту. Баары ынтымактуу, "бирөө баары үчүн, баары бирөө үчүн" деген балдар. Албетте, айтайын деген оюң аралыктан куттуктоодо өз деңгээлине жетпей да калды окшойт, баарын кучактап, өөп, ыйлап дагы, күлүп дагы, ырдап, бийлесек сонун болмок.
- Ушундай шартта мектепти аяктап жаткан бүтүрүүчүлөргө карата каалоо-тилектериңиз...
- Балдарымдын мындан аркы жашоосу шаңдуу болсун, ыр-күлкүгө толсун, тилеген тилектери орундалсын, жерибизде тынчтык болсун! Мындай оор сыноолорду балдарыбыз биринчи жана акыркы жолу көрүшсүн. Мындан ары акыркы коңгурообуз эле эмес, жашообуз биз көнгөн эле нукта болсо экен.
- Жылдыз Нааматбековна, маегиңиз үчүн чоң рахмат! Бардык бүтүрүүчүлөргө ак жол каалайбыз!