Кыргыз өлкөсүндө дагы 2 адам коронавируска чалдыкты. Экөө тең Бишкекте. Ооругандардын жалпы саны 14 кишиге жетти

Жуктургандардын 1 адамы Франциядан келип, “Манас” эл аралык аэропортунун авиабазасында жайгашкан обсервация борборунда болчу. Ал эми экинчиси – кичи ажылыктан кайтып, Бишкек шаарындагы “Ак-Кеме” мейманканасында изоляцияга алынган жаран. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, COVID-19 вирусун жуктургандардын бардык учурлары сырттан келген.

Кыргыз өлкөсүндө коронавирус аныкталгандардын жалпы саны 14 адам болуп калды.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Nur777
2020-03-21 18:16:15
Орусиядагы жуздогон сопсоо мекендештерибизди киргизбей атып Франциянын жаранын неге киргизишет?!!
+18
zhykyo
2020-03-21 18:28:07
Кой ээ
0
Nurbek555
2020-03-21 18:33:48
zhykyo,кыргыз жараны франциядан келген.
+4
Aikaaaa
2020-03-21 18:43:54
Жанакы Египеттен келаткандарды да киргизбегиле. Тынч жашайлык
+1
rtuiop
2020-03-21 21:47:57
Aikaaaa, кириши керек, алар биздин жарандар, биздин боордоштор.
+4
Anarik87
2020-03-21 21:31:56
Ооруга чалдыкандардын абалы кандай температурасы тушконбу эч кандай маалымат жокго
+1
sirenaaaaa
2020-03-22 09:03:46
Anarik87, ватсапта голосовойлор толуп кетти. Жалалабадда посттогу адамды туртуп эле чыгып кетип тополон болуп жатат дейт.караган врачтар качып кетти деп.Такталбаган маалымат деп бул жакта жазат. Жанылык деле укпай ватсапты ачпай туруш керек болуп калды окшойт
0
Ergeshev.77
2020-03-22 00:22:17
Аай боордоштор антпегиле ооруса да оорубаса да Кыргыз жараны келишсин талаада мусаапыр болбой ансыз деле канча кишилер талаалап журот
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан