Бүгүн, 6-апрелде ИИМдин орун басары, Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев коменданттык саат боюнча абалды айтты. Ал шаар тургундарын өз саламаттыгын ойлоп, сыртка чыкпоого чакырды.
6-апрелге карата өзгөчө абал киргизилген Бишкек шаарында 66 адам кармалып, түшүндүрүү иштеринен кийин коё берилген.
"Коменданттык саат убакта ооруканага сиз болгону медицина кызматкерлери жазып берген гана өткөрмө менен гана өтө аласыз. Ал тастыкталган болсо бизди тийиштүү посттордон өткөрүшөт", - деди Орозалиев.
"Биз бул илдетти жалгыз жеңе албайбыз. Коңшу өлкөлөрдө абал бизден дагы оор. Ошондуктан биз биригип гана бул илдетти жеңе алабыз", - деди Орозалиев маалымат жыйында.