Өлкөдөгү болуп жаткан кырдаалга байланыштуу дарыгерлерибиз күн-түн дебей иштеп жатканы баарыбызга маалым.
Социалдык тармактын Veronique Garrett аттуу колдонуучусу өзүнүн баракчасына дарыгердин нөөмөтү аяктаган соң кийимин, өтүгүн чечип жаткандагы видеосун жүктөгөн. Анда дарыгердин былчылдап тердеген коргонуучу кийимин сыгып жатканын көрүүгө болот.
"Кыргыз өлкөсүндө коронавирус кризиси уланып жатат. Иштеп жаткан ыктыярчы студенттен нөөмөтү аяктаган соң канча тер төгүп иштегенин видеого тартып берүүнү суранышкан. Бирок ал өтүгүнө куюлуп түшкөн терин эле тартып берди.
Бул видеону тартып берүүдөн бир күн мурда ал эс-учун жоготкон. Өмүрүн тобокелге салып, билгенинен да артык болгон ишке чечим чыгарган жаш ыктыярчыларга карата сыймыктанууга сөз табуу оор", - деп жазган колдонуучу.