Бүгүн, 4-майга карата өлкөдөгү стационарларда 245 бейтап коронавируска каршы дарыланып жатат. Бул күнгө карата аймактардагы стационарлардагы статистика кандай болуп жатканына кызыгып көрдүк. Маалымат Саламаттыкты сактоо министрлигинин расмий сайтындагы күн сайын жаңыланып туруучу картасынан алынды.
Бишкек жана Чүйдө жалпысынан 303 жарандан коронавирус аныкталган. Анын ичинен 157 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылса, дагы төртөө (Бишкекте 3, Чүйдө 1) каза болду. Калган 142 жаран дарылануусун улантып жатат.
Ош облусу жана Ош шаары боюнча жалпы 282. Анын 132си облустагы стационарларга жаткырылып, бүгүнкү күндө 114ү айыкты. Дагы үчөө каза болду. Учурда 15 бейтап (Ноокат аймактык ооруканасында 3, Кара-Суудагы аймактык ооруканада 6, Өзгөндөгү аймактык ооруканада 6) стационарларда калууда.
Ош шаарында 150. Анын 104ү илдеттен арылса, дагы үчөө каза болду. Стационарларда калгандар 43 (Ош шаардык клиникалык ооруканасында 33, облустар аралык биргелешкен клиникалык ооруканасында 10).
Жалал-Абад облусу боюнча жалпы 123. Бүгүнкү күндө анын 105и айыгып, 18 бейтап стационарларда калууда. (Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасында 6, Ала-Бука райондук аймактык ооруканасында 3, Тогуз-Тородогу дарыгерлер борборунда 3, Чаткалдагы дарыгерлер борборунда 6).
Нарында жалпы 98. Анын ичинен 78 жаран сакайып, 20 бейтап дарылануусун улантып жатат. (Нарын облустук ооруканасында 7, Кочкор райондук аймактык ооруканасында 2, Жумгал райондук аймактык ооруканасында 4, Ат-Башы районундагы аймактык ооруканасында 7).
Ысык-Көлдө жалпы 10. Анын 9у оорудан айыгып, медициналык жайдан чыгарылса, 1 бейтап Балыкчы шаарындагы аймактык ооруканада дарылануусун улантууда.
Баткен облусунда жалпы 14. Анын 8 бейтабы айыгып, үйлөрүнө чыгарылса, 6 жаран стационарларда калууда (Кадамжай районундагы аймактык ооруканасында 5, Кызыл-Кыя аймактык ооруканасында 1).
Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, стационарлар айрым аймактарда (район, айыл) түзүлгөн эмес. Бейтаптын абалы оорлошуп кетсе, шарты жакшы стационарга которулат. Мындан улам оорулуу жаран айыкканда кайсы аймактын ооруканасынан чыккан болсо, ошол аймактын статистикасына кошулуп, баланча аймактан мынча бейтап айыкты деп эсептелет.