"Көп кабаттуу үйлөрдөгү бөлмөлөргө мүмкүн болсо абаны тазалоочу каражаттарды коюу боюнча мэрияга сунуштарды бердик" дейт министрлик

22-мартта Өкмөт үйүндө Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова "Үйлөрдү желдетип туруу сунушталууда. Бирок бири-бирине тыгыз жайгашкан көп кабаттуу үйлөр үчүн дагы бул ыкма жарай береби?" деген суроого төмөндөгүдөй жооп берди.

"Көп кабаттуу үйлөрдө желдетүү системдери бири-бири менен байланышта болот. Ошондуктан көп кабаттуу үйлөр боюнча шаар мэриясына сунуштама бергенбиз. Ал жактагы желдетүү системдери башкалар менен байланышпагыдай иш-аракеттерди көрүү боюнча жана көп кабаттуу үйлөрдөгү бөлмөлөргө мүмкүн болсо абаны тазалоочу каражаттарды, шаймандарды коюу боюнча мэрияга сунуштарды бердик", - деп жооп берди Акматова.

Кыргыз өлкөсүндө коронавирус аныкталгандардын жалпы саны 14 адам. Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, COVID-19 вирусун жуктургандардын бардык учурлары сырттан.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан