Бүгүн, 29-мартта өлкөгө 400 Кыргыз жараны учуп келерин Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилигинен билдиришкен. Жүргүнчүлөрдү ташыган учак "Манас" эл аралык аэропортуна конгонун республикалык штабдан кабарлашты.
"Аэрофлот" авиакомпаниясынын Москва-Бишкек чартердик каттамы менен 402 Кыргыз жараны кайтып келишти. Жүргүнчүлөр менен байланышты азайтуу максатында аэропортто каттамды тосуу перрондо уюштурулду", - деп айтылат маалыматта.
Коронавирустун күч алганына байланыштуу Орусия 27-марттан баштап бардык өлкөлөр менен болгон аба каттамдарын расмий түрдө белгисиз мөөнөткө токтоткон.