Бүгүн, 6-майда парламент жыйынында Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков депутаттарды бет кап кийүүгө чакырды.
"Жогорку Кеңеш коомдук жай болуп эсептелет. Бул жерде Саламаттыкты сактоо министрлигинин бардык талаптарын аткарышыбыз керек. Жогорку Кеңештин имаратында, жыйындар залында бет капты чечпөөгө чакырам", - деди ал.