Коронавирус жер жүзүнө 100 жылда бир келчү апаатпы? Тарыхта болгон эң белгилүү 5 пандемия

Коронавирус менен жабыр тарткандардын саны күн санап өсүүдө. 29-мартка карата Кыргыз өлкөсүндө ооругандардын саны 84кө жетти.

Дүйнө жүзүндөгү окумуштууларды ойго салып, вирусологдордун тынчын алган бул вируска каршы вакцина иштелип чыга элек. Орусияда гана безгекти дарылоочу каражаттын негизинде дары иштеп чыгышып, аны изилдеп жатышкан убагы.

Тарыхка көз чаптырсак дүйнө жүзүндө адамзатын түйшөлтүп, көптөгөн өмүрлөрдү алган ар кандай илдеттер катталып турарын байкаса болот. Алар ар бир 100 жылда эмес, ар кайсы убакытта катталган.

Буга чейин катталган эпидемиялардын тарыхына токтоло кетели.

ЮСТИНИАНОВАНЫН ТУМООСУ

Аталган тумоо дүйнө жүзү боюнча эң алгачкы жолу катталган пандемия болгон. 541-жылы башталган ылаң дүйнө жүзү боюнча 25 миллиондон 50 миллионго чейин адамдын өмүрүн алып кеткен. Бул ошол учурда адамзатынын 13 пайызын түзгөн. Болжол менен Египет же Эфиопиядан баш алган. Аталган вирус аны алып жүрүүчү келемиштер аркылуу товар ташуучу кемелерге түшүп дүйнө жүзүнө тараган.

КАРА ТУМОО

Тумоонун аталган түрү дүйнө жүзү боюнча эң масштабдуу деп айтылып келет. Пандемия Чыгыш Кытайда 1320-жылдары башталган. Жылып отуруп Индияны андан соң Европа мамлекеттерин каптаган. Тумоо 1346-1353-жылдары ал Европа элинин 30 пайыздан 60 пайызга чейинки калкын кырган. Дүйнө жүзү боюнча пандемиядан 70-100 миллион адам көз жумган. Илдет 19-кылымга чейин кайталанып турган.

Вирус алгач келемиштерде жүрүүчү бүргөлөр аркылуу жугуп, андан соң дүйнө жүзүнө тараган. Тумоо менен күрөшүүгө эч кандай медициналык каражаттар болгон эмес. Бирок дал ошол мезгилде карантин ойлоп табылган. Ал учурда башка өлкөлөрдөн келген кемелер 40 күн бою суу жээгинде турган, андан кийин гана андагы адамдар жана товарлар шаарга киргизилген. Азыркы тапта тумоо дарыланат. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун берген маалыматына таянсак, 2010-2015-жыл аралыгында тумоо менен 3 248 адам ооруп, анын 584ү каза болгон.

ИСПАНКА

Испан тумоосунун пандемиясы Биринчи Дүйнөлүк согуш жылдарында, тактап айтканда, 1918-1920-жылдары башталган. "Испанка" атка ээ болгон сасык тумоосун алгач 50-75 миллион адам жуктуруп алган, башкача айтканда, жер жүзүндө ошол убакта жашаган адамдардын 2,6-5,2 пайызы. Оору чагылгандай тездик менен тараган. Буга 2 себеп бар болгон. Биринчиси техникалык прогресс, экинчиси согушка катышып жаткан өлкөлөрдүн армиясынын жылып жүрүшү. Аталган илдет менен жалпысынан 400-500 миллион адам ооруган. Ал учурда бүтүндөй айылдар кырылган. Аларды жайга берүү үчүн орун жок болгондуктан, аларды ондоп көмүшкөн.

H1N1 вирусу көбүнчө 20-40 жашка чейинки адамдарды өлтүргөн. Оорунун эң акыркы стадиясында адамдын өпкөсүнө кан толуп кеткен, мындан улам адамдар канга чакап өлүшкөн. Кээ бир өлкөлөрдө оорунун айынан 1 жылга карантин киргизилген. Анда коомдук жайлардын баары жабылган.

ХОЛЕРА

19-кылымда ич өткөккө жана организмге суу жетишпестигин алып келип, адамды бир нече саатта өлтүрүп койчу бул вирус Азиянын түштүгүндө чектөөгө алынган. Анын дүйнө жүзүнө таралышына нормадан ысык аба ырайы, суунун булганышы алып келген.

1817-жылдан тартып 1860-жылга чейин холеранын 3 пандемиясы жүргөн. Алар Япония, Сирия, Сауд Арабия, Египет, Түркия, Орусия жана Европада болгон. Илдет 1830-жылы Орус-Түрк согушунан кийин Украинага да жеткен.

1860-жылга чейин холера 40 миллион адамдын жанын алган. 7-пандемия 1961-жылы Түштүк Азияда башталып, Африка жана Америкага жайылган. Мында холеранын Эль-Тор түрү күчөгөн. Илдеттин бул түрү азыркы күндөргө чейин Нигерия, Сенегал, Ооганстан, Батыш Африка, Ирак, Пакистан, Гаити өңдүү өлкөлөрдө катталып келет. Дүйнөлүк салматтыкты сактоо сайтында 2017-жылы жазылган маалыматка таянсак, буга чейин 1 миллион 227 миң 391 адам дүйнөнүн 34 өлкөсүндө холера менен ооруган анын 5 миң 654ү каза болгон.

КАРА КЫЗАМЫК

Өтө жугуштуу деп эсептелген бул оору башкалардан салыштырмалуу эң көп адамдын өмүрүн алган. Алгач Араб жана Азия өлкөлөрүндө гана катталган. Кара кызамык эпидемиясы Кытайда 4-кылымда болгон, ал эми 6-кылымда Кореяны каптаган. 737-жылы кызамыктан Япониянын калкынын 30 пайызы көз жумган. Ошол учурда жүрүп турган согуштар ооруну Европага алып келип, анын андан ары жайылуусуна себеп болгон.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
kanu
2020-03-29 23:53:20
Кудай сактасын Буга чейин эле болуп келген оорулар экен да, бирок карантинде 1 жума жатып жинди болойун дедик 1 жыл, элестете албайм, кудай онойунан берсин эми
+16
Sakubek
2020-03-30 00:06:20
Журокту тушурбогулочу
+10
arno2008
2020-03-30 00:24:00
Кудай сактасын андан бери медицина өнүктү да.
+14
tina-Tin
2020-03-30 00:34:59
Э Аллахым озун оору беруучу шыпаа беруучу дагы озунсун. Шыпаа бере кор. Ооруп жаткандар сакайып кетсин.
+16
aerforce
2020-03-30 00:36:34
Бул дуйнолук учунчу согуш деп ойлоп калдым вирус менен дуйно жузу согушуп жатат коронавирус менен
+15
filis
2020-03-30 06:39:56
Оор Жараткан Тенир кыргыз элимди кырсыктан сактай кор.
-7
Baku88
2020-03-30 10:49:52
filis, тенир эмес АЛЛАХ сактай кор десен кайсы тенирини айтып жатасын
+3
ainura220888
2020-03-30 13:13:47
Коп вирустар кытайдан чыгат экенда озу. Балеенин баарын жей беришет. Урматтуу мусульман бир туугандар тиги тенирчилерге убакыт коротбогулачы. Олуп кетишсин.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан