Эл башына сыноо түшкөндө элге кызмат кылам дегендер кайда?

Декабрь айынын ортосунда Кытайдын Ухан шаарынан чыккан коронавирус оорусунун дагы деле токточудай түрү жок. Дүйнө жүзү таажы вирусу менен күрөшүү үчүн жанталашып, болгон аракеттерди көрүүдө.

Тилекке каршы коронавирус пандемиясы Кыргыз өлкөсүнө да келди. 18-март күнү вирусту жуктурган алгачкы умрадан келген 3 жаран аныкталса, бүгүнкү күндө, тагыраагы 1 апта ичинде көрсөткүч 44кө жетти. Учурда коронавирус өлкөнүн түштүк аймагы: Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында жана Бишкек шаарында катталды. Ооруга чалдыккандардын арасында 1 жашка чыга элек ымыркайдан тартып, карыган аксакалдар да бар. Акыркы эки күндө вирус жугузгандар көп болгондуктан алгач өлкө аймагына өзгөчө кырдаал, 25-марттан тартып Бишкек жана Ош шаарына, Жалал-Абад, Баткен облустарына, Кара-Суу, Сузак, Ноокат райондоруна өзгөчө абал режими киргизилди. Элдин көчөгө чыкпай, үйдө отурушу, албетте, вирустун тароо коркунучун азайтат. Ошол эле учурда коомдун жардамга муктаж, социалдык шарты начар катмары мурункудан да көп жардамга муктаж болууда. Андыктан коронавирус пандемиясына кайрымдуулук кылып, жардам көрсөткөн атактуулар туурлуу кеп козгомокчубуз.

Кайрымдуулукка жумшалган миллиондор

Коронавирус Кытайды "басып", күн санап каза болгондордун саны көбөйүп баштаган маалда алгачкылардан болуп гонконгдук белгилүү актёр Жеки Чан коронавируска каршы дары жасагандарга 1 миллион юань (141 миң 823 доллар) бөлөрүн билдирген. Барбадосс ырчысы Рианна коронавирус менен күрөшүү үчүн 5 миллион доллар бөлүп берген. Ошондой эле Аргентина улуттук курамасынын жана испаниялык "Барселона" футболдук клубунун капитаны, дүйнөлүк футбол жылдызы Лионель Месси коронавируска каршы күрөшүү үчүн Барселона шаарындагы Hospital Clinic ооруканасына 1 миллион евро которсо, Португалия улуттук курамасынын жана италиялык "Ювентус" клубунун чабуулчусу Криштиану Роналду коронавирус оорусуна каршы 1 миллион 100 миң евро бөлгөн. Италиялык "Армани" мода үйүнүн жетекчиси Жорджо Армани болсо коронавирус менен күрөшүү үчүн 1 миллион 25 миң евро жумшаган.

"Элге кызмат кылам дегендер көп, жыйынтык чыгаргандары аз...

Кыргыз өлкөсүндө да коронавирус пандемиясына кайдыгер карабаган ишкерлер, саясатчылар, атактуулар жок эмес. Алгач ишкер Аскар Салымбеков республикалык штабга 100 миң медициналык бет кап алуу үчүн акча бөлөрүн айткан. Андан кийин мурдагы саясатчы Өмүрбек Бабанов дарыгерлерди жана пенсионерлерди колдоо үчүн 5 миллион сом бөлүп берерин билдирген.

Ал эми баскан-турганына чейин социалдык баракчасына чыгарып, сулуулук салону, тойканалардан колу бошобогон ырчылар мурункудай активдүү болбой калышты. Коронавирус Кыргыз өлкөсүнө келери менен Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Сыймык Бейшекеев 5000 даана медициналык бет кап тиктиртип, алгач элге кызмат кылган милиция кызматкерлерине тараткан. Азыркы күндө деле ырчы мырза элдин камын ойлоп, бет кап жеткирип берүү менен алек.

Элдин башына сыноо түшкөндө кол сунгандардын катарына Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Мирбек Атабеков да кирди. Ал өткөрүп жаткан бир жылдык үй-бүлөлүк гив-оюнун токтотуп, демөөрчүлөрү жана өзүнүн үй-бүлөсүнүн атынан 200 миң сомду коронавирус менен күрөшүүгө жумшарын билдирген.

Кайрымдуулук иштерин ар дайым кылып келген ырчы Анжелика да жашоо-шарты начар Бишкектин тургундарына демөөрчү компания менен биргеликте 1000 даана бет кап жана антисептикалык каражаттарды тараткан.

Фольклор ырчысы Гүлнур Асанова да дайыма кайрымдуулук иштерин жасап келет. Бул ирет ырчы айым жашоо-шарты начар, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 15 адамдын үйүнө барып, керектүү азык-түлүк, антисептикалык каражаттар жана медициналык бет кап менен камсыздаган.

Вайнер Эмил Токтошев болсо өзүнүн "Ема бургер" ашканасынан Ош шаарында көчөлөрдө тартипке көз салган тартип сакчылары, милиция кызматкерлерине бургер таратып келген.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (20)
Shef87
2020-03-25 18:53:40
Оң колуң менен бергенди сол колуң билбей калсын дейт беле
+5
gute
2020-03-25 18:54:47
Жардам берсек дагы баарына жайып жарыя кылбай эле берели. Чындап Алладан сооп алгысы келгендер антип жайбайт. Аа учурдан пайдаланып озун коргозойун дегендер дагы бар.
+6
assanov97
2020-03-25 19:22:04
gute,Оштун мэри зб уже пиарщик Мелис акамле жакшыле
-7
aydinnur
2020-03-25 20:07:14
assanov97,арстан,кара кулак шер болчу ээ;))
-1
Flowhive
2020-03-25 19:02:20
Айтышсын эл билсин,башкаларга үлгү болушсун.....
+8
Islambek123
2020-03-25 19:04:03
Бизден жардам ушул болсун, уйдон чыкпай отуруп дуба кылайлы туугандар,Алладан жалбарып, оорулууларга,кызматкерлерге, жалпы элибизге.
+15
Bars88
2020-03-25 19:09:48
Президент айтмакчы жардам бересинби ырдайсынбы элге жарыялабай кылышса.Билсе ошо жардам берген кишин билсе болду да элдин баарына мынча бердим деп мактанасынар
0
Гүлжамал Абылкасымова
2020-03-25 19:17:38
Элге жардам кылганын ачыктаганы башкаларга да үлгү болсун деген ойдо болсо керек. Кандай болгон күндө да кыйын учурда элге жардам көрсөткөндөргө алкыш гана айтуу керек.
+7
NURSAPAR
2020-03-25 19:32:04
Жардам бергендерге чооң рахмат. Мен мамлекетти бутуна тургузам деп көкүрөк каккан депутаттар аз го.
+7
Omar.
2020-03-25 19:35:25
12-апрелдеги шайлоого агитация кылган депутаттар, ошол шайлоого кеткен, ырчы-чоорчуга, плакаттарга кеткен акчаңарды ушундай кезде иштеткени башыңар жетпеди бекен???
+10
aydinnur
2020-03-25 19:36:08
Самара карындашым кайдааа?Дайыр болсо обсервацияда да ,Египеттен 20- кишини озу менен ала келип чарчады дегендей)),чыккандан кийин берээр жардам..!?
+7
Nur777
2020-03-25 19:39:02
Ысык-Кол облусунун кулуну Азат Исакунов 15млн!!!,Бабанов 5млн,уялчаак депутат 1млн болгонун жазбайсынар го...
+7
Omar.
2020-03-25 19:42:55
Бул жерде жаллаң ырчы чоорчулар эле экен, баягы баягы баягынын таягы дегендей кийим алмаштырып турса дагы жаңылык кылган жылдыздар.

Чыныгы миллиондорду которгондор тынч эле которуп коюп жүрүшөт, Молодец бирок баарына.
+9
aydinnur
2020-03-25 20:14:11
Гив деген эмне?бул дагы аферанын бир турубу?билгендер жазып койгулачы ,плииз деп койчу беле эрке талтандар))
+1
Omar.
2020-03-25 21:19:44
aydinnur, типа лоторея
0
Sakura715
2020-03-25 20:22:43
Бабановго оюнар кандай бирок мен аябай ыраазы болдум!5 млн жон акча эмес,жон эле башкаларга окшоп жуз буруп кетсе деле эл мурункудай эле жамандап кала бермек!Ырчылар тойлордон канча акча тушот андайга келгенде аппетит кучтуу го,анан жардам бердим дегенсип 3-4 маска таратканынарды мактанганынар эмнеси!!Самара деген эжебиз бар беле ....
+13
oscar
2020-03-25 20:26:28
Провайдерлер, сотовый компаниялар бир айга бекер кылып берсе жакшы болмок
+8
futboler
2020-03-26 00:13:21
Депутаттар кайда? Карантинге катуу кирип кетишкен го. Же шайлоо башталганда чыгышабы.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан