Казакстандын президенти күн сайын коронавируска карата тест тапшырып жатат

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев коронавирус инфекциясына карата күн сайын тест тапшырып жатат. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Берик Уали өзүнүн социалдык тармактагы жеке баракчасына жазган.

"Мамлекет башчынын ден соолугунун абалы боюнча жарандардын кайрылууларына жооп катары мен Касым-Жомарт Токаевдин өзүн жакшы сезип жаткандыгын маалымдайм. Өлкөдө эпидемиологиялык кырдаалдын курчушуна байланыштуу ал күн сайын коронавирус инфекциясына карата тест тапшырып жатат. Бардык тесттер вирустун жок экендигин көрсөтүүдө", - деп жазган басма сөз катчы.

Анын айтымында, президент жумуш ордунда болууну улантат. Ал графикке ылайык иштеп, мамлекеттик органдардын, ведомстволордун, коомдук уюмдардын башчылары менен онлайн режиминде жолугушууларды өткөрөт.

Буга чейин, Казакстандын биринчи президенти 79 жаштагы Нурсултан Назарбаевден коронавирус инфекциясы аныкталган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан