Бүгүн, 23-мартта Өкмөт үйүндө Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова онлайн маалымат жыйын берүүдө.
Ал кечээ, 22-мартта эки жарандын абалы орточо оор деп белгилеген. Бүгүн жарандын биринин кант диабети бар экенин айтты.
"Бир жарандын буга чейин эле кант диабети бар экен. Мындан улам анын азыркы оорусуна ал таасир берүүдө", - деди ал.