Грепплинг боюнча дүйнө чемпиону Абдурахманхаджи Муртазалив өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына Бишкек шаарынын Фучик көчөсүндөгү ооруканага 550 респиратордук бет кап бергенин, бирок аталган ооруканадагы дарыгерлер мындай бет капты көрбөгөндүгүн айтышкан видеону жүктөгөн.
Мындан улам SUPER.KG порталы аталган оорукананын башкы дарыгери Жусуп Бокошевге байланышып, төмөндөгүдөй жооп алдык.
"Бул Абдурахманхаджи деген жигит бизге бет каптарды ишемби күнү түштөн кийин алып келип берген. Ал күнү дарыкананын башчысы иштебегендиктен, бет каптар менин бөлмөмдө калган жана дүйшөмбү күнү дарыкана башчысы кампасына алып кеткен. Биздин дарыгерлерге респиратордук бет каптар буга чейин берилип калгандыктан, биз ал берген бет каптарды тараткан эмеспиз. Экинчи күнү ал келип эле бизден сурабай, дарыгерлерден сурап видеого тартып, социалдык тармакка таратып жибериптир.
Эми ага чалып, келип көр сен берген бет каптар турат десем менин сөзүмдү жазып, баарын кайра интернетке чыгарып жатат. Мен бүгүн эч нерсеге карабай, убакыт таап анын үстүнөн милицияга арыз жаздым. Себеби оюна койсок, бул бала дагы күчөп баратат. Биз дарыгерлер кыйналып жатсак, дарыгерлерди жаманатты кылып жатат. Кааласаңыз келип көрсөңүз болот. Биз кыйын шартта иштеп жатабыз. Мен өзүм чоң профессор болсом, 500 бет кап үчүн жаманатты болгум келбейт", - деди башкы дарыгер.