Бүгүн, 23-мартта саат 18:00гө карата өлкө аймагындагы кырдаал боюнча маалымат берилип, дагы 2 жарандан коронавирус аныкталганы айтылды. Бул тууралуу маалымат жыйында Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.
Коронавирус жуктуруп алганы аныкталган жарандардын бири эркек, экинчиси аял. Алардын абалы канааттандырарлык.
Өлкө боюнча коронавирус менен 16 адам жабыркап жатат. Мындан тышкары Пакистанда дагы бир Кыргыз жаранынан коронавирус аныкталган.