Чехиянын Саламаттыкты сактоо министрлиги COVID-19 пандемиясына каршы күрөшүүдө жардам бере турган препаратты атады. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.
Анда жазылган маалыматка караганда, жекшемби күнү Чехиянын саламаттыкты сактоо министринин орун басары Адам Войтех Plaquenil (Плаквенил) препаратын коронавируска каршы дарылоодо жардам берерин айткан.
"Илимий маалыматтарга караганда, Plaquenil препаратын COVID-19 пандемиясына каршы күрөшүүдө колдонууга болот. Ошондуктан дарыны баарына жеткиликтүү кылуу үчүн иш аракеттер жүргүзүлүүдө", - деген ал.
Войтехтин айтымына караганда, бардык медицина кызматкерлерине (аллергиялык, клиникалык иммунологдор, дерматологдор жана ревматологдордон башкасына) бул дарыны сунуштоого тыюу салынды. Дарыканалар атайын дарыгердин көрсөтмөсү жок препаратты сата алышпайт.
Ошондой эле жекшемби күнү өлкөнүн кризистик штабынын төрагасынын орун басары Роман Примул аталган препарат ооруган адамдын организминде вирустун жок болуу убактысын кыскарта аларын айтып, бирок препараттын атын атаган эмес деп айтылат маалыматта.
Plaquenil - вирустук-инфекциялык ооруларга каршы дары. Франциялык "Sanofi Aventis" фирмасы тарабынан чыгарылат.