Уруксаты бар ишканалар жумушчуларын ташууну уюштуруп берүүсү керек

Бүгүн, 26-март күнү коронавирус пандемиясына байланыштуу суроолорго вице-премьер-министр Эркин Асрандиев жыйында жооп берүүдө.

"Уруксат берилген ишканалардын жумушчулары кантип ишке барып келери тууралуу суроо көп болуп жатат. Азыр коомдук транспорттор токтотулган. Бирок учурда айрым таксилер жүрөт, бул туура эмес. Аны да токтотуубуз зарыл.

Өзгөчө абалга байланыштуу иштөөгө уруксаты бар ишканалар жумушчуларына транспорт уюштуруп бериши керек. Ар бир кызматкерде жумушунан иштегендигин ырастаган маалымкат, маршруттук барак болушу шарт"
, - дейт Асрандиев.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
patiydin
2020-03-26 15:35:10
Ишканалар жумушчуларына вахта уюштуруп берсин.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан