"Элдик кабар" бөлүмүнө Өзгөн шаарынын тургуну "азык-түлүк саткан базар толугу менен жабылып, биз азык-түлүк ала албай жатабыз" деп кайрылды.
"Өзгөн шаарындагы базарда бардык азык-түлүк саткан контейнерлер жабык. Жаңылыктардан өкмөт азык-түлүк саткан дүкөндөр, дарыканалар жабылбайт деп айтып жаткандыктан, аларга ишенип, алдын ала камданган эмеспиз.
Ошого байланыштуу бүгүн үйүбүздө азык-түлүк түгөнүп, базарга чыккам. Базардагы бардык азык-түлүк саткан контейнерлер жабык экен. Менин жанымда дүкөн бар. Бирок ал жакта бизге керектүү азыктар - гречка, макарон сыяктуулар жок экен. Өзгөндөгү 95 пайыз дүкөндөр шаардагы дүң базарлардан алышчу. Азыр аларда да жетиштүү товар жок.
Ар бир контейнердин жанында укук коргоо кызматкерлери туруп, сатуучуларга соода кылууга уруксат бербей жатышат. Алардан "эл кантип жашайт?" десек, бул суроо боюнча шаардык мэрияга кайрылгыла деп коюшту. Азыр шаарды кыдырып, дүкөндөрдөн азык чогултуп жүрөм", - дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.