"ЭЛДИК КАБАРга" ЖООП: Өзгөн районунун акиминин орун басары: "Өзгөн шаарындагы базар коронавирусту жайылтпоо максатында жабылды"

"Элдик кабар" бөлүмүнө "Өзгөн шаарындагы базар жабылып, азык-түлүк ала албай жатабыз" деп окурман кайрылган. Кабарга Өзгөн районунун акиминин орун басары Болот Дыйканбаев жооп берди.

"Биз кечээ азык-түлүк саткан жерлердин баарын ачып койдук эле, эл тыгылып кетти. Кийим-кече саткандар арабаларга жүктөп чыгып сатып башташты.

Эл көп жерде коронавирус жуктурууга чоң коркунуч бар. Сатуучуларга бет кап тагынып отургула десек, биздин алдыбызда тагынышат да, биз кеткенден кийин чечип салышууда. Алардын ден соолугу бизге эле керектей болуп, абалга кайдыгер карап жатышат. Кечээ 3 маал түшүндүрүү иштерин жүргүзүп чыктык. Эл укпайт экен.

Ошондуктан өкмөттүн буйругуна ылайык, бүгүн базарларды жаап салдык. Биз элди ойлоп жатабыз, алар болсо өздөрүнүн кара курсагын ойлоп жатышат. Мен Шералы, Куршаб, Мырза-Аке, Жазы болобу, бардык жакты кыдырып жатам. Бардыгында дүкөндөрдө азык-түлүк мурункуга караганда көп келип жатат
", - деп билдирди Дыйканбаев.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Shef87
2020-03-23 18:08:11
Эл упай тоготпой атат чындыкта
+4
nurali1989
2020-03-23 18:13:29
Сабыр кылсанар, туугандар. Бул жерде ооруну таркатпоо учун, жабылып жатпайбы. Жер жерлерде магазиндер кудайга шугур азыр
+3
mirana9395
2020-03-23 18:14:43
Жакшы кылыпсыздар жаап.акча учун жанынан да коркушпайт экенда.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан