Экономикалык чөйрөнүн иши кайра жанданганына байланыштуу блокпосттордун саны кыскартыла турганы айтылды

Экономикалык чөйрөнүн иши кайра жанданганына байланыштуу блокпосттордун саны кыскартыла турганы айтылды. Бул тууралуу бүгүн, 28-апрелде президенттик аппараттын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Бүгүн чакан курамдагы Коопсуздук кеңешинин жыйыны өттү.

"Ишин кайрадан баштай турган экономиканын объектилеринде санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту сактоо абдан маанилүү. Бул багытта жергиликтүү бийлик, Саламаттыкты сактоо министрлиги, Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекция менен өз ара тыгыз иш алып барышы зарыл. Ишканалардын жетекчилерине өзгөчө жоопкерчилик тагылат", - дейт президент Сооронбай Жээнбеков.

Коопсуздук кеңешинин жыйынында биринчи вице-премьер-министр, республикалык ыкчам штабдын жетекчисинин орун басары Кубатбек Боронов өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаал шарттарында ишкерлик субъектилеринин ишмердүүлүгүн этап-этабы менен жандандыруу жөнүндө сунуш киргизди.

Белгиленгендей, өзгөчө абалдын шартында экономикалык субъекттердин ишин жандандыруу планында объекттердин конкреттүү тизмеси, алардын кызматкерлеринин саны, иш убактысы жана кызматкерлерди жумуш орундарына жеткирүү ыкмасы так, даана көрсөтүлүшү керек.

Ошону менен катар айрым чектөөлөр өзгөрүүсүз калат.

"Мисалы, маданий-массалык иш-чараларды, той-аштарды өткөрүүгө тыюу салуу күчүндө калат. Жогорку окуу жайлар, мектептер аралыктан окутууну улантышат. Өзгөчө абал киргизилген аймактарда кирүүгө жана чыгууга санитардык-карантиндик блокпосттор өзүнүн ишин улантат", - деди мамлекет башчысы. Муну менен биргеликте экономикалык чөйрөнүн иши кайра жанданганына байланыштуу блокпосттордун саны кыскартылат.

Ошондой эле өлкө аймагына чет элдик жарандардын киришине тыюу салуу күчүндө калат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Ma9
2020-04-28 16:09:27
Ошондо базарлар кийим кечек саткандар иштейби
0
robot111
2020-04-28 19:14:41
иштейт буюрса тууганым. Бул аракеттер вирустун жайылып кетуусун токтотуу максатын коздойт.
-1
Alimbek1000
2020-04-28 19:12:06
Акырындан чектөөлөрдү алыш керек.
-1
chake
2020-04-28 19:59:06
сабырдуу болсок баары жакшы болот бул күндөр да өтөт
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан