Ош облусундагы 23 согуш ардагерине 10 миң сомдон акчалай жана азык-түлүк баштыктары тапшырылды. Ардагерлерге сыйлыктарын Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев тапшырган. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматынан кабарлашты.
"Мындан тышкары ардагер аталарыбызга баалуу белектер тапшырылды. Буга чейин президенттин жарлыгына ылайык, ар бир согуш ардагерине 75 миң сомдон, тылдын ардагерлерине 15 миң 600 сомдон акча жеткирилген.
Быйыл карантиндик абалга байланыштуу борбордук аянтта парад өткөрүлбөгөндүктөн, жер-жерлерде ардагерлерге барып кабар алып жатабыз. Мындан сырткары онлайн форматында "Өлбөс полк" өткөрүлөт. Ош облусу боюнча согуштун 23 ардагери жана 710 тылдын ардагери бар", - деди маалымат катчы.