Саламаттыкты сактоо министрлигинин алгоритми боюнча чет өлкөдөн келип жаткан жарандардан COVID-19 вирусуна ПЦР диагностикага анализдер алынат. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
Үч күн бою алар карантиндик зонада болушат. Эгерде анализи терс болуп, адам байланышкандардын катарына кирбесе, анда ал бардык эрежелерди жана талаптарды сактоого милдеттүү болуп, үй карантинине жиберилет.
Эгерде үйдө тийиштүү шарттар жок болсо, анда Саламаттыкты сактоо министрлиги аны обсервациялардын бирине жайгаштырат. Анализдин жыйынтыгы коронавирустун бар экенин көрсөтсө, жаран стационарга дарыланууга, ал эми анализи терс болгон байланышкан адамдар медиктердин көзөмөлүндө обсервацияга жаткырылат.