Түркиянын Стамбул шаарынын "Галатасарай" футболдук клубунун башкы машыктыруучусу Фатих Терим коронавирус оорусун жуктуруп алды. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык баракчасына жазып калтырган.
"Мен бүгүн тест тапшыргам. Менден коронавирус оорусу аныкталды. Мен бул жыйынтыкка макулмун. Мени азыр ооруканада жакшы карап жатышат. Кабатыр болбоңуздар", - деп жазып калтырган башкы машыктыруучу.
Мындан тышкары клубдун вице-президенти Абдурахим Албайрак аялы менен коронавирус оорусун жуктуруп алгандыгы аныкталган.