Дүйнөнү каптаган коронавирустан Кыргыз өлкөсүндө бүгүнкү күнгө карата 107 адам жабыркап жатат. Коронавирус аныкталган бейтаптардын 58и аял, 49у эркек, алардын ичинен экөө 1 жашка чейинки наристе. 15 өспүрүм жана 31 улгайган адам бар. Кооптондурган вирус менен жабыркаган адамдардын саны жогорулап жатканына байланыштуу SUPER.KG порталы Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу вирустарды көзөмөлдөө боюнча илимий практикалык борбордун жетекчиси, медицина илимдеринин доктору Зуридин Нурматов менен байланышты.
- Коронавирусту жаңы вирус дегендер, ошол эле учурда мурун эле бар болчу дегендер дагы болууда. Буга түшүндүрмө берип кетсеңиз.
- Коронавирус 21-кылымда үч жолу адамга интервенция жасады. Мындайча айтканда, алар жалпы эле адамдардын популяциясынын ичинде жашап калууга аракет көрүп жатышат. Алгач бул вирус 2002-2003-жылы кирген. Вирус ал учурда "атипичный пневмония", "SARS" деген аттар менен белгилүү болчу. Бирок ошол убакта андан каза болгондордун саны 9,6 пайызды түзүп, бул көрсөткүч эң жогорку көрсөткүч болгон. Андан кийин 2012-2013-жылдары "MERS" деген жана "Жакынкы чыгыш пневмониясы" деген ат менен кирип, каза болгондор 34,4 пайызды түзгөн. Бирок ал кезде ооруга чалдыккан адамдардын саны көп болгон эмес. Анда адам организми чоң зыян алып келе турган ооруну кабыл албайт эле. Ал эми бүгүнкү күндө вирус кенен таркап кеткендиктен, аны менен бүт дүйнө жүзү жабыркап жатат. Ошондуктан коронавирус оорусу менин оюм боюнча, мурдагы эле вирустардай болуп, адамдын популяциясынын ичинде калышы мүмкүн. Мисалы буга чейин чочко тумоосу болуп, ал адамдын популяциясында орношуп калган. Бүгүнкү күндө дагы дүйнө жүзү боюнча сасык тумоонун эң көп таркалган түрү ушул чочко тумоосу болуп эсептелет. Бул тумоо адам организмине чоң кесепет тийгизбегени менен адам популяциясында жашап калды.
- Ошондо коронавирустан адам сакайса деле анын организминде вирус калабы?
- Азыркы болжол менен анализ кылганыбызга караганда, бул деле чочко тумоосу катары сасык тумоо чакыруучу 20дан ашык вирустардын бири болуп кала берет. Ооба, ооруну чакырган коронавирус адамдардын организмине ыңгайлашып калып калат окшойт. Вирустардын жаратылышы ушундай, алар мурда жарганаттардын организминде жашап келе турган болсо, азыр эми адам организмине өттү. Ал өткөндөн кийин сөзсүз түрдө ошол адамга ыңгайлашып жашап калууга аракет кылат. Аракет кылганда сөзсүз адам ага каршылык көрсөтөт. Анын ортосунда биринчи жукканда адамды өлүмгө дуушар кылуусу, жалпы эле анын жүрүшү оор болот. Вирус жаңы кожоюнга ыңгайлашып, андан ары адамдан адамга таркалып кетүү касиетине ээ болсо, анда бул организмде жашап кала алат. Шарттуу түрдө айтканда, ага адамдардын организминдеги вирустар келише албаса, ал вирус организмден чыгып кетет. Салыштырмалуу түрдө сасык тумоолордон дүйнө жүзү боюнча жыл сайын 650 миңге чейин адам каза болот. Бирок бул учурга чынында эч ким көңүл бурбай, кайдыгер мамиле жасашат. Эгер бул вирус адамдын популяциясында калып калган болсо, акырын кийинки жылдары дагы кайталанып кете берет.
- Жаш курак боюнча дагы ар түрдүү пикирлер айтылууда. Статистикада коронавирус менен кайсы курактагылар көп жабыркайт жана эмне үчүн?
- Мындан мурунку чоң пандемия 2009-2010-жылы болгон чочко тумоосу болсо, анда оору негизинен жаштардын арасында көп катталган. Анда 60 жаштан жогорулар аз ооруган. Анткени 1957-1958-жылдары ошол вируска окшош вирустун пандемиясы болгон. Ал учурда вируска каршы антителалар пайда болуп, сакталып калган. Ошол себептен чоң жаштагылар андан ооруган эмес. Ал эми азыркы тапта бул процесс тескерисинче болуп жатат. Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун изилдөөсүнүн жыйынтыгында, бардык оорулардын ичинен 29 жашка чейинкилер болгону 10 пайыз экенин көрсөттү. Негизинен 50 жаштан жогорку адамдар бул вирус менен жабыркап жатат. Анткени адамдын жашы жогорулаган сайын клеткаларын коргоочу кызматты аткаруучу белоктор активдүү иштей баштайт. Ошол белоктор аркылуу коронавирус чиркешип клеткага кирет. Эгерде клетканын ичине вирус кире албаса, организмде ооруну пайда кыла албай калат. Жаш балдардын клеткасына көбүнчө кире албаганынын себеби ал жерде вирустардын көбөйүшү жүрбөй калат. Ал эми чоң кишилерде вирус көбөйүп кетет. Биринчи ооз көңдөйүнөн дем алуу органдарына таралат. Азыркы учурда Италияда же Европа өлкөлөрүндө көпчүлүк 50 жаштан жогорулар, ал эми бизде жана Кытай Эл Республикасында 65 жаштан жогорулар 6 пайызга да жетпейт. Европада чынында жашы өткөн адамдар көп. Ошондуктан европалыктар көп ооруп жатат. Албетте, ал мамлекеттердин медицинасы жакшы болгону менен адамдардын кыска убакыттын ичинде эле ооругандар көп санда катталып, саламаттыкты сактоо системи көтөрө албай калды. Ошондуктан алар толук кандуу жардам көрсөтүүгө үлгүрө албай жатышат.
- Кыргыз өлкөсүндө дагы сандардын көрсөткүчү жогорулап жатат. Сан мындан дагы жогорулоосу мүмкүнбү?
- Негизи пандемия менен күрөшүүдө эки эле милдет коюлат. Биринчиси, ошол илдетке каршы алдын ала саламаттыкты сактоо системин даярдоо керек жана оорунун бир маалда пайда болуусуна тоскоолдук кылуучу чараларды жасаш керек. Мындайча айтканда, бардык саламаттыкты сактоо мекемелерин көп оору болсо дагы кабыл ала турган, аларга адекваттуу жардам берүү үлгүлөрүн көрсөтүү шарт. Ошону менен бирге аны даярдоо талапка ылайык. Экинчиси, бир эле күндө миң адам оорубай калып, акырындан созултууга аракет кылышыбыз зарыл. Бир дагы өлкө дүйнө жүзү боюнча адамзаттын тарыхындагы болгон пандемияны киргизбей коё алган эмес. Андай максат коюу туура эмес. Азыр көпчүлүгү эмне үчүн Кыргыз өлкөсүнө вирусту киргизип жибердиңер деп айтып, сындап жатышат. Аны киргизбөөгө биздин алдыбызга милдет коюлган эмес. Бул вирус бизге эле эмес, бардык өнүккөн жана саламаттыкты сактоо системи күчтүү болгон мамлекеттерге да тарап жатат.
- Биздин өлкөдө вирус дагы канча убакытка созулушу мүмкүн?
- Божомолдоо боюнча математикалык модель бар. Бизде 2,2 деп эсептелинди, ошондо бул вирус жалпы алып караганда 1 жарым, 2 айда токтошу керек. Карантиндик шарт 21 күнгө киргизилгени эмнени билгизет? Карантин кирген күндөн баштап кимге оору жуккан болсо, ал кишиде оорунун белгилери көп болсо 14 күндө билинет. Ошол 14 күндүн ичинде алар эч ким менен контактта болбосо, башкаларга оору таркабайт. Ооругандар бейтапканаларга жатып, айыгып чыгышат. Ошону менен оорунун мындан ары таркалуусу токтойт.